Жогорку Кенештин отурумунда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү кароо учурунда депутат Махабат Мавлянова шаардагы балдардын кыргыз тилинде сүйлөбөй тургандыгын белгиледи. Депутат тилди өнүктүрүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады жана мектептерде сабактардын үчүнчү бөлүгү мамлекеттик тилде өткөрүлүшү зарыл экенин айтты.
Эл аралык мектептерде окуган балдар европалыктар болуп калышты.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билим берүү министрлиги өз компетенциясынын алкагында иш алып барып жатканын билдирди. Комиссия балдар үчүн мультфильмдерди түзүү жана контенттин көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Негизги басым мектепке чейинки курактагы балдардын, атап айтканда бала бакчалардын ишине жасалып жатат.
Тилди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор үчүн бөлүнгөн каражаттардын көлөмү келечекте өсөт деп күтүлүүдө.
Тилди өнүктүрүүгө бөлүнүүчү каражаттар
Мыйзам долбооруна ылайык, «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча мамлекеттик үлгүдөгү жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду алган адамдардан мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сертификат талап кылынбайт. Бул диплом мамлекеттик тилди ортодон жогору деңгээлде билүүсүн тастыктайт.












