Жогорку Кеңештин депутаттары 15-октябрь күнү Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаеванын «2025-жылы адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө» докламын угууну улантуу менен таанышты. Сессия «суроо-жооп» форматында өткөрүлүп, депутаттардын суроолоруна Акыйкатчы жооп берген.
Балдардын укугун коргоо жана маселелери
Талкууга катышкан депутат Уланбек Жаанбаев мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо маселесин көтөрүп, ошондой эле медицина кызматкерлеринин күнөөсү менен ВИЧ менен инфицирленген балдардын абалын белгилеген. Ал бул категориядагы балдарга зарыл медициналык жардамды, социалдык колдоо жана коомго толук интеграциялануу шарттарын камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген.














