Министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасын реформалоо аркылуу ар бир баланын мүмкүнчүлүктөрүн теңтоолук шартта камсыз кылуу максатында иш жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Бул жылы ОРТда эң жогорку упайларды алган бүтүрүүчүлөр өлкөнүн эң мыкты жогорку окуу жайларына автоматтык түрдө кабыл алынды. Алардын ичинде чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына тапшыргандар дагы кездешет.

Министр ошондой эле дүйнөлүк масштабда квалификациялуу кадрлар үчүн атаандаштык күчөп жаткандыгын белгилеп, мамлекеттер даярдалган таланттуу жаштарды өз өлкөсүнө тартуу үчүн күрөшүп жатышканын айтты.

Догдуркүл Кендирбаева экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштар саналат деп белгиледи.

Бул жогорку окуу жайлар быйылкы жылы абитуриенттер арасында эң көп тандалган билим берүү мекемелери катары белгиленди.