Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунын III форумунда сөз сүйлөдү. Иш-чара Иссык-Көл облусунда өтүп жатат жана ага билим берүү жаатында биргеликте аракеттенүү максаты коюлган.

Министр заманбап университеттер билим берүү гана эмес, илимий изилдөө, инновация жана технологиялык өнүгүү борбору болуп жатканын баса белгиледи.

Реформалар бири-биринен ажырагыс

Кендирбаева мектептерди жана жогорку окуу жайларды реформалоо бир бүтүндүк экенин айтып, Кыргызстан 12 жылдык окутуу системасына өтүп жатканын, Өзбекстан да ушуга окшош өзгөртүүлөрдү пландап жатканын белгиледи.

Ал эки өлкөнүн максаттары окшош болгондуктан, мектептер менен университеттер өз ара ынтымакташып иштеши керектигин айтты.

«Биз жаңы муундагы мугалимдерди биргеликте даярдоого милдеттүүбүз. Алар сабакты жакшы билүү менен эле чектелбестен, билим берүүдө жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү колдонгону, улуттук баалуулуктарды калыптандыруусу жана заман талабына жооп берүүсү шарт»
Догдуркүл Кендирбаева, Билим берүү министри