Бишкек шаардык жана Аламедин райондук регионалдык башкармалыгынын инспекторлору «Дордой» базарында бир жолку пластик пакеттерди колдонууну чектөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө соода түйүндөрүндөгү сатуучуларга эскертүү баракчалары таратылып, пластик пакеттерди колдонууну чектөөнүн максаттары жана анын экологиялык маанилүүлүгү боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле, рыноктун администрациясына тиешелүү талаптар түшүндүрүлүп, соодагерлерди белгиленген эрежелерди өз убагында аткарууга жана өз ара маалыматтык иштерди жүргүзүүгө чакырышты.

Пластикке толук тыюу салуу качан күчүнө кирет?

Мыйзам талаптарына ылайык, Кыргызстандын бүткүл аймагында бир жолку пластик пакеттерди колдонууга толук тыюу салуу 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

  • Пластик калдыктарынын көлөмүн азайтуу
  • Экологиялык маданиятты жогорулатуу
  • Жаратылышты коргоо