Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык консультативдик тобу Конго Демократиялык Республикасында (КДР) жайылып жаткан Бундибуджио Эбола вирусуна каршы "Эрвебо" вакцинасын рандомизацияланган клиникалык сыноолорго киргизүүнү артыкчылыктуу деп сунуштады. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар кызматы билдирди.
"Эрвебо" Эболага каршы катталган жалгыз вакцина болуп саналат, бирок ал Заир Эбола вирусунан коргоо үчүн иштелип чыккан. Препараттын Бундибуджио вирусуна каршы натыйжалуулугу азырынча далилдене элек.
ДССУнун консультативдик топтору 16-майда КДРда Бундибуджио Эбола оорусунун жайылышына байланыштуу эл аралык маанидеги коомдук саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин ишин башташкан.
Алгачкы жыйындарда эксперттер вирустун бул түрүнө каршы болгон вакциналарды жана дарылоо ыкмаларын баалашкан. Ошол учурда адистер "Эрвебо" вакцинасын Бундибуджио вирусуна каршы натыйжалуулугун баалоо үчүн кылдат пландаштырылган изилдөө протоколдорунан тышкары колдонуудан баш тартууну сунушташкан.
Өткөн аптада өткөн үчүнчү жыйында эксперттер вакцина тууралуу жаңы маалыматтарды карап чыгышты. Атап айтканда, жаныбарларга жасалган изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыктары "Эрвебо" Бундибуджио вирусуна каршы кайчылаш коргоонун белгилүү бир деңгээлин камсыздап, оорудан өлүм коркунучун азайтарын көрсөттү.
Топ ошондой эле вакцинанын коопсуздугун, натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалады. Баалоонун жыйынтыгында эксперттер Бундибуджио эпидемиясы учурунда "Эрвебо" вакцинасын байланышта болгон адамдарды эмдөө үчүн колдонуу коопсуз деген тыянакка келишти.






