Бишкектин чок ортосунда, Бөкөнбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери учурунда коопсуздук талаптарына туура келбеген жол белгилери орнотулганы белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов социалдык тармактарда Бишкек медициналык колледжинин жанындагы аймактан видео жарыялады. Кадрларда оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылы чектелгени жана айдоочулар тилкени айланып өтүүгө аргасыз болгону көрүнүп турат. Оңдоо иштерин «Бишкектеплосеть» ишканасы жүргүзүүдө.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан жерге жол белгилери бар конструкция орнотулган. Бирок депутаттын айтымында, бул белгилер талаптарга жооп бербейт, анткени аларда чагылдыруучу элементтер жана атайын жарык жок, ошондой эле атайын сырдын ордуна жөнөкөй сыр колдонулган. Айдоочулар караңгыда эскертүүнү байкашы үчүн, конструкцияга жөнөкөй электр лампасы зымдар аркылуу туташтырылган.
Окуя болгон жерге келген ЖКККББ кызматкери жол белгилери бар конструкция белгиленген талаптарга жооп бербей турганын ырастады. Текшерүүнүн жыйынтыгында оңдоо иштеринин уюштуруучуларына 23 миң сом айып пул салынды.


