«Джунда» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун жолугушуусунда көтөрүлгөн Кара-Балта жана чектеш райондордун тургундарынын суроолоруна жооп берди. Компаниянын өкүлдөрү экологиялык коопсуздуктун артыкчылыктуулугун жана калк менен ачык диалогго даяр экенин билдиришти.
Курчап турган чөйрөгө антропогендик таасирди азайтуу алкагында ишкана модернизациялоо долбоорун аяктоодо. Анын ишке ашырылгандан кийин атмосферага бөлүнүп чыгуулардын көлөмү кыйла азаят деп күтүлүүдө. Тактап айтканда, мунай продукцияларын сактоо жана ташуу цехинде бууларды кармап алуу жана рекуперациялоо үчүн жаңы установка киргизилди, бул аларды өндүрүштүк циклге кайтарууга мүмкүндүк берет.
Финансылык көрсөткүчтөр жана салыктык чегерүүлөр
Компания бюджетке жана инфраструктураны пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн маанилүү суммалар боюнча маалыматтарды берди. Акыркы үч жыл ичинде экологиялык төлөмдөрдүн суммасы 33 млн сомдон ашты.
«Джунда» ЖЧКсынын финансылык чегерүүлөрү
Экологиялык чаралардан тышкары, ишкана социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантууда жана салыктык түшүүлөр аркылуу регионду өнүктүрүүгө салым кошуп жатат.













