Өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу коомдук ден соолукту сактоонун олуттуу көйгөйү катары каралат. Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун адистеринин маалыматы боюнча, бул көрүнүш эненин жана баланын физикалык абалы үчүн гана эмес, жаш кыздардын билимине, психологиялык абалына жана жашоо келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Эрте эне болуу көбүнчө жашоо образынын кескин өзгөрүшүнө алып келет, бул билим алууну жана кесиптик өнүгүүдү кыйындатышы мүмкүн.
Алдын алуунун негизги багыттары
- Жыныстык жетилүү жана контрацепция ыкмалары жөнүндө ишенимдүү жана илимий негизделген маалымат берүү.
- Өз ден соолугуна аң-сезимдүү мамиле жасоону калыптандыруу.
- Ата-энелер менен балдардын ортосунда ишенимдүү диалогду түзүү.
Медиктер натыйжалуу алдын алуу үчүн өспүрүмдөргө репродуктивдик ден соолук жөнүндө түшүнүктүү билим керек экенин баса белгилешет. Үй-бүлөдө бала өсүп жаткан учурдагы маселелерди сынга алынуудан коркпостон, тынч талкуулай турган чөйрөнү түзүү маанилүү фактор болуп саналат.







