Саламат баланын төрөлүшү үчүн ата-эненин ден соолугуна жана үй-бүлөдөгү жалпы шарттарга көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Нургүл Аднаева айтты.

Анын айтымында, баланын ден соолугунун негизи эне кош бойлуулук учурунда эле түптөлөт. Ошондуктан баланын өнүгүүсүн төрөлгөндөн мурунку жана төрөлгөндөн кийинки мезгилди камтыган комплекстүү ыкма менен кароо маанилүү.

Бала сабырдуу жана ден соолугу чың болуп төрөлүшү үчүн эненин ден соолугун гана эмес, атанын абалын, ата-эненин жашоо шартын, алардын тамактануусун жана үй-бүлөдөгү жалпы чөйрөнү эске алуу керек. Бул көп кырдуу маселе болгондуктан, баланын өзүн гана эмес, анын ата-энесин жана жашаган чөйрөсүн карап чыгуу зарыл.
Нургүл Аднаева

Акыркы жылдары майыптыгы бар балдардын санынын өсүшүнө байланыштуу кош бойлуу аялдарга скрининг жүргүзүүгө багытталган «Үмүт» улуттук программасы ишке ашырылды. Бул программанын негизги максаты — балдардын ден соолугундагы көйгөйлөрдү эрте аныктоо жана сабырдуу балдардын төрөлүшү үчүн шарттарды түзүү.

Документтен

Бул программа өз убагында кабыл алынды деп эсептейм. Анын негизги максаты — өлкөдө сабырдуу балдардын төрөлүшүнө өбөлгө түзүү жана майыптыгы бар балдардын санын азайтуу.
Нургүл Аднаева

Ошондой эле эксперт балдардын ден соолугу, тарбиясы жана билими мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин баса белгиледи.