Министрликтин маалыматына ылайык, ветеринардык сертификатты алуу үчүн ишкер баштап электрондук арызды «Тулпар» системасы аркылуу тапшырат. Андан кийин ветеринардык адис арызды кабыл алып, продукциянын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкештигин деталдаштырып текшерет.

Текшерүү учурунда өндүрүш күнү, колдонуу мөөнөтү жана коштогон документтер жөнүндө маалыматтар системага киргизилип, алардын чындуулугу тастыкталып чыгат.

Продукциядан лабораториялык анализдер үчүн үлгүлөр алынат жана тиешелүү лабораторияга жөнөтүлөт. Изилдөө жыйынтыктары «Тулпар» системасына киргизилип, эгер продукция талаптарга толук жооп берсе, адис экспорттук ветеринардык сертификатты автоматташтырылган система аркылуу офомдойт жана ишкерге тапшырат.

«Тулпар» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптештирилиши жүргүзүлүп, ветеринардык сертификаттарды берүү процесси ачыгыраак болуп, экспорттук продукцияны даярдоонун мөөнөтү кыскартылды.