16-ноябрда мөмө-жашылча продукцияларын өндүрүүчүлөр үчүн «Экспорттук акселератор» программасынын расмий ачылышы өттү. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору болду.

«Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров долбоордун негизги милдети жергиликтүү продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү экенин белгиледи.

15программанын катышуучулары
10айыл чарба өндүрүүчүлөрү
5кайра иштетүүчү ишканалар

Акселератордун алкагында компаниялар экспорттук даярдыктын диагностикасынан өтүшөт, жеке жол карталарын алышат жана эксперттердин жетекчилиги астында беш күндүк практикалык окутуудан өтүшөт. Программа аграрийлер үчүн GLOBALG.A.P., IFA жана GRASP стандарттары боюнча эл аралык сертификацияга, ошондой эле кайра иштетүү ишканалары үчүн FSSC 22000 стандартына даярдыкты камтыйт.

Долбоорду тамак-аш коопсуздугу жана эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерине адистешкен «ЭйДи Трейдинг энд Консалтинг» ЖЧК консалтингдик компаниясы ишке ашырууда. Демилге 2025–2028-жылдарга карата «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын алкагында ишке ашырылууда.