Гулчодо (Ош облусу) жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Курулуш министрлигинин, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, курулуш иштери ушул жылдын апрель айында башталган жана учурда 85% аткарылган. Долбоор Стабилизациялоо фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Объекттин параметрлери

120орун
1 321кв. м
97 млнсом

Жалпы аянты 1 321 квадрат метр болгон эки кабаттуу имарат уктаган жана оюн бөлмөлөрүн, тарбиялык сабактар үчүн бөлмөлөрдү, ашкананы жана медициналык кабинетти камтыйт. Ошондой эле объекттин аймагында коопсуздук талаптарына жооп берген оюн аянтчасы жаратылууда.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Учурдагы этапта имараттын негизги каркасы курулуп бүттү.