Жогорку Кенештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «Физикалык маданият жана спорт жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бу жөнүндө парламенттин пресс-кызматы билдирет.
Документке ылайык, билим берүү уюмдарында майыптыгы бар окуучулардын физикалык маданият менен машыгуусу үчүн шарттар түзүлүшү керек. Бул үчүн адаптивдик физикалык маданият каражаттарын колдонуу пландалууда.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу жарандардын физикалык маданият жана спорт менен машыгуусуна катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле майыптыгы бар адамдарга кошумча социалдык колдоо көрсөтөт
Спорт маселесинен тышкары, профилдик комитет мектептерде жана бала бакчаларда иштеген медайымдардын статусуна жана компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүнө тиешелүү парламенттин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын карады. Бул демилгени мурда депутат Дастан Бекешев алды.
- Жылдыз Эгенбердиевадепутат, демилгечи
- Гулнара Акимбаевадепутат, демилгечи
- Айгүл Ахмедовадепутат, демилгечи
- Токтобубу Ашымбаевадепутат, демилгечи
- Салтанат Амановадепутат, демилгечи
- Мавлюда Калбердиевадепутат, демилгечи
- Жылдыз Курманалиевадепутат, демилгечи
- Табылды Муратбековдепутат, демилгечи
- Алтынкул Мурзакимовадепутат, демилгечи
- Болот Сагынаевдепутат, демилгечи
- Нуржамал Торобековадепутат, демилгечи
- Дастан Бекешевдепутат, демилгечи





















