19-ноябрь, шейшемби күнү Сауудия Арабиясынын борбору Эр-Риядда хусистердин чабулунан кийин өлкөнүн эң бийик имараты болгон PIF Tower жабыркады. Бул имаратта Мамлекеттик инвестициялык фонддун (Public Investment Fund, PIF) штаб-квартирасы жайгашкан. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
SPA мамлекеттик маалымат агенттиги жарандык коргоо кызматына шилтеме берүү менен, сокку борбордун финансылык районундагы имаратка тийгенин кабарлады. Натыйжада небоскребинин бир нече кабаты жана ага жакын жайгашкан башка имараттар жабыркаган. Жабырлануучулар жөнүндө маалымат жок.
Reuters маалыматына ылайык, жарылуу толкунунан улам баштын жети-сегиз кабатынын терезелери сынган, ал эми металл фасаддын айрым бөлүктөрү деформацияланган. Инциденттен кийин Абдалла королу атындагы финансылык район келүүчүлөр үчүн жабылды.
Хусистердин өкүлдөрү шейшемби күнү Эр-Рияддын финансы борборуна эртең менен жана кечинде эки жолу кол салынганын айтышты. Ошондой эле алар Эр-Рияддагы Халид королу атындагы эл аралык аэропортко, өлкөнүн түштүгүндөгү Хамис-Мушайт авиабазасына жана Джубайль өнөр жай шаарындагы SADAF нефтехимиялык ишканасына сокку урганын билдиришти. Сауудия бийлиги бул билдирүүлөрдү ыкчам тастыктаган жок.
Хусистерге каршы күрөшүп жаткан Сауудия коалициясы Эр-Рияд тарапка багытталган ракеталык коркунучту тосуп калганын, бирок калдыктар жерге түшкөнүн билдирди.
Чабуулдан кийин Сауудия Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги королевство суверенитетти жана жарандарды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүү укугуна ээ экенин белгиледи.












