Ысык-Көл облусунун Түп районунда көп кабаттуу турак жай куруу үчүн тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилди. Бул чечим Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (ГИК) долбоорун ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 18-ноябрьдагы №761 токтомуна ылайык, айыл аймагындагы айрым жерлердин максаты өзгөрдү. Бул жерлер мурда айыл чарба иши үчүн колдонулуп келген.

Документтен

жерлер айыл чарба багытынан калктуу конуштардын жерлерине трансформацияланды
№761-токтом боюнча

Аталган жер участогу (№1206 контур) мамлекеттик менчик болуп саналат. Азыркы тапта айылдык округ администрациясына токтомду аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.