Icon курулуш компаниясы ЖК Malina жайгашкан жер тилкесине мамлекеттик жеке менчик укугун тастыктаган "кызыл китепти" расмий түрдө алды. Компания Кыргызстанда жер участогун муниципалдык менчиден толук жеке менчикке сатып алуу боюнча татаал юридикалык процедураны ийгиликтүү өткөргөн алгачкы ишканалардын бири болуп калды.

Бул кадам девелопердик сектордо уникалдуу болуп, Icon компаниясынын каржылык туруктуулугун, юридикалык тазалыгын жана узак мөөнөттүү милдеттенмелерин көрсөтөт.

Жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт аркылуу ЖК Malina жайгашкан участок толук Icon компаниясынын менчигине өткөнү ырасталат. Бул келечектеги жана учурдагы батир ээлери үчүн бир катар маанилүү артыкчылыктарды берет.

  • Жер участогуна укуктук статус бекитилет
  • Муниципалдык жерди ижарага алуу мөөнөтү долбоордун ишине таасир этпейт
  • Нерселерди каттоодо юридикалык негиз түзүлөт
  • Сатып алуучулар, банк жана инвесторлор учун ишенимдүүлүк жана ачыктык жогорулайт
"Мамлекеттик акт алуубуз жогорку юридикалык жана уюмдук эмгектин жыйынтыгы. Биз кардарлардын алдындагы милдеттерди так аткарып, ар бир долбоордун документтик ишенимдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурабыз".
Icon курулуш компаниясы