Президенттин Администрациясынын маалыматы боюнча, Идрис Кадыркулов Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси кызматынан бошотулду. Бул чечим Президенттин Жарлыгына ылайык кабыл алынган.

Эркин-Тоо медиасынын билдирүүсүнө ылайык, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине таянып, атайын буйрукка кол койгон. Бул документ менен Идрис Кадыркулов Украинадагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Молдова, Болгария жана Румыния өлкөлөрүндөгү Элчилик кызматтарынан бошотулган.

Документтен

Идрис Кадыркулов Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Киев шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду.
Эркин-Тоо