Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Токтогул районунун Камыш-Башы айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында суу түтүктөрүн орнотуу иштери толугу менен аяктады.
Учурда объектидеги курулуш-монтаждоо иштери аяктоо стадиясында турат.
Ведомствонун маалыматына караганда, негизги ичүүчү суу түтүк тармагын орнотуу 100% аткарылган. Азыркы учурда подряддык уюмдун адистери системанын туташтыруучу элементтерин монтаждоодо.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо инфраструктурасынын объектилеринин айланасына коргоочу тосмолорду орнотуу иштери уланууда.
Бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктап, объект ишке киргизилгенден кийин Камыш-Башы айылынын жашоочулары санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген таза ичүүчү сууга туруктуу жеткиликтүүлүккө ээ болушат.





