Социалдык тармактарда Кант шаарындагы өспүрүмдү сабоо жана аны камерага кечирим суроого мажбурлоо учуру тартылган видео жайылып кеткен. Видеодо бала “жаман сөздөр үчүн” кечирим суроого аргасыз болгону айтылат.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул окуя Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө мыйзамда белгиленген тартипте катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.
Милиция кызматкерлери чыр-чатактын катышуучуларынын өздүгүн, окуянын себептерин аныктап, күбөлөрдү суракка алып жатышат. Окуянын бардык жагдайларын, мыйзамсыз аракеттерге түрткү болгон себептерди жана шарттарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги териштирүүнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алган. Керектүү бардык текшерүү жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуяга тиешеси бар күбөлөр жана башка адамдар суракка алынып жатат.
Сотко чейинки териштирүүнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, окуянын бардык катышуучуларынын иш-аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилип, процессуалдык чечим кабыл алынат.










