Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында болгон окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап кетти. Кадрларда үйлөнүү тоюнун учурунда, сахнада жаңы үйленгендерди куттуктап жаткан учурда, катышып жаткан эркектердин бири балага сокку урганы көрүнүп турат.
Колдо болгон маалыматтарга ылайык, ошол учурда сахнада эки бала болгон. Бир бала жигиттин кийимин тартып, четке чыккандан кийин, ага экинчи бала жакындап келген. Ошол учурда эркек киши жаш өспүрүмдүн көкүрөк бөлүгүнө (башка маалыматтар боюнча — баш бөлүгүнө) буту менен сокку урган.
Соккунун натыйжасында бала кулап кеткен, бирок кийинкиден ага туруп кетүүгө жардам берип, ал сахнадан чыгып кеткен. Жабырлануучунун учурдагы ден соолугу жөнүндө маалымат азырынча жок.
Сокулук районунун ИИМден билдирилгендей, бул факт расмий түрдө катталды. Учурда укук коргоо органдары болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн алдын ала тергөө мүнөзүндөгү текшерүүнү жүргүзүп жатышат.








