Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында жаңы спорттук комплекс курулуп, пайдаланууга берилди. Объект Ж. Айтбаев атындагы толук эмес орто мектептин жанында бой көтөрдү. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөн билдиришти.

16 758 316 сом курулуштун баасы

Спорт объектисин курууга кеткен инвестициялардын жалпы көлөмү 16,7 млн сомдон ашты.

Ачылуу салтанатына жергиликтүү тургундар жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Мамлекет башчысынын өкүлүндүн айтымында, жаштардын физикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Жаңы аянтча мектеп окуучуларынын жана айыл жаштарынын үзгүлтүксүз машыгуулары үчүн, ошондой эле район тургундарынын пайдалуу эс алуусун уюштуруу үчүн арналган.