Караколдо Кашка-Суу кичи районунда ири спорт объектисинин курулушу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Заманбап спорт шаарчасы боло турган долбоор жалпы аянты 12 гектарга ылайыкталган.
Ведомствонун маалыматы боюнча, курулушту каржылоо Тынчтык фондунун каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Бул комплекстин алкагында курула турган объектилер бир нече негизги элементтерди камтыйт: спорт интернаты, көп функциялуу спорт комплекси, олимпиадалык бассейн жана мейманкана.
Архитектуралык долбоорго ылайык, интернат жана көп функциялуу комплекстен тышкары, аймакта олимпиадалык бассейн да каралган. Объекттеги курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталып, башкы подрядчик катары «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы чыгат.
Учурда курулуш аянтчасында 120 адамдан турган жумушчу күчү иштеп жатат. Таш коюу иштери жүргүзүлүүдө: мейманкананын 4 жана 5-кабаттарында газоблоктон дубалдар коюлуп, ал эми окуу-машыгуу мектебинин экинчи кабатында жана жатакананын биринчи кабатында арматураны орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.




















