Нарын шаарында заманбап спорттук комплекстин курулушу уланууда. Бул долбоорду Турак жай жана жарандык курулуш департаменти ишке ашырууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Курулуш иштери ушул жылдын апрель айында башталган. Учурда объекттин даярдыгы белгилүү бир деңгээлге жетти.
Архитектуралык долбоорго ылайык, комплекстин жалпы аянты 1 118 квадрат метрди түзөт. Имарат эки блоктан куралып, ар бир блогу үч кабаттан турат. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, долбоордун ишке ашырылышы белгиленген пландар менен жүрүп жатат.


















