Алматыда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин базасында Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнө арналган илимий конференция өттү. Иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын тарыхчылары катышты, деп билдирет Кыргызстандын Маданият министрлиги.
Талкуунун негизги темасы Кыргыз АССРинин Халк комиссарлар кеңешинин мурунку төрагасынын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы эмгеги, ошондой эле анын 1932-жылкы ачарчылык мезгилиндеги гуманитардык ролу болду.
Ведомствонун маалыматы боюнча, казакстандык изилдөөчүлөр мамлекеттик ишмерге өлкөнүн эң ири шаарларынын бири — Алматы же Астанада эстелик орнотууну сунушташты. Бул кадам кыргыз жана казак элдеринин кылымдык бирдиктүүлүгүнүн символу катары каралууда.
Конференциянын катышуучулары бул сунушту Казакстандын жогорку жетекчилигинин кароосуна жөнөтүүнү пландаштырууда.











