Алматыдагы «Туран» университетинде кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстутумуна арналган маданият борборунун ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын алкагында адабий ишмердин эстелиги да салтанаттуу түрдө тааныштырылды.

КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, борборду түзүү демилгечиси болуп Алматыдагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу Жеңишбек Асанкулов чыккан. Долбоорду «Туран» университетинин ректору Рахман Алшан уулу колдоп, аны ишке ашырууга шаарда жашаган мекендештер да чоң салым кошушту.

Маданият борборунун ачылышы чет өлкөлөрдө кыргыз элинин руханий жана адабий мурасын жайылтуу, кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоо жана жаш муунду улуу жазуучунун чыгармачылыгы менен тааныштыруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат
КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Салтанаттуу иш-чара учурунда «Манас» Кыргыз улуттук театрынын директору Нурбек Талантбеков жазуучунун эстелигин жасаган скульптор Надырбек Жээренчиевге КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин куттуктоосун тапшырды. Автор ошондой эле министрликтин сыйлыктары менен белгиленди.