Социалдык фонддун билдирүүсүнө ылайык, Түштүк Кореядан бир жолку пенсиялык каражаттарды алууга кайрылган 152 кыргызстандыктын 140усу акча каражатын алган. Калган 12 киши дагы чечимди күтүп жатышат.
Бул төлөмдөр Кыргызстандын расмий түрдө иштеп, эмгек акысынан пенсиялык салымдар алынган кыргызстандыктарына берилет.










