Кыргызстан менен Монголиянын укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү жаңы деңгээлге чыгышы мүмкүн. Коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулоо КР ИИМ министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков менен Монголиянын республикадагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргалдын жолугушуусунда өттү.
ИИМдин пресс-кызматынан билдиргендей, тараптар коомдук тартипти камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө күчтөрдү бириктирүү зарылчылыгына өзгөчө басым жасалды.
Дипломатиялык протоколдун алкагында Суюнбек Ниязбеков жаңы элчини өлкөдөгү миссиясынын башталышы менен куттуктады. Дэмчиг Тэгшжаргалдын ишмердүүлүгү мамлекеттер арасындагы достук курсту чыңдоодо кошумча стимул болоруна ишеним билдирилди.














