КРнын 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик стратегиясын ишке киргизүү маселелери Коргоо министрлигиндеги ыкчам кеңешменин негизги темасы болду. Иш-чара Коргоо министринин орун басары, полковник Алмазбек Кулмурзаевдин жетекчилиги астында өттү.
Башкы прокуратуранын Антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу боюнча башкармалыгынын адистери Р. Бейшалиев жана Р. Тагаев аскер командасы үчүн профилдик сабактарды өткөрүштү. Лекторлор негизги басымды алдын алуу чараларына жана укуктук ченемдерди катуу сактоого жасашты.
- укук бузуулардын алдын алуу жана профилактикасы
- колдонуудагы мыйзамдардын талаптары
- кызматкерлердин жеке жоопкерчилиги
Окутуу процессине аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жана министрликтин профилдик мекемелеринин командирлери катышты.






















