Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекет башчылыгына талапкер болууну пландаган 11 жарандан арыздар түштү. Бул тууралуу журналисттерге БСК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева айтты.
Документтерди кабыл алуу жана кандидаттарды сунуштоо бүгүн, 12-ноябрда, саат 24:00дө аяктайт. Графикке ылайык, президенттик шайлоодо добуш берүү 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Шайлоого катышуу ниети барлардын тизмеси
- 2026-жылдын 12-ноябры
Кандидаттарды сунуштоо мөөнөтүнүн жана документтерди кабыл алуунун аякташы
- 2027-жылдын 27-январы
Кыргызстанда президенттик шайлоону өткөрүү






















