Саламаттык сактоо министрлигинин колегиясынын 24-ноябрда өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар медициналык мекемелердин жетекчилерине карата чаралар көрүлдү. Мамлекеттик аккредитациянын жыйынтыгы боюнча иштеши бир жыл гана белгиленген уюмдардын башчылары жазага тартылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чараларга тагылган уюмдардын катарына медициналык колледждер, С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту (анын түштүк филиалын кошкондо), академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, ошондой эле Улуттук энечилик жана балалыкты коргоо борбору кирди.
Мындан тышкары, ведомство факультеттер деңгээлиндеги башкарууда көйгөйлөрдү аныктады. Төрт мамлекеттик университеттин ректорлоруна кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана окутуунун сапатынын төмөндүгү үчүн медицина факультеттеринин декандарына тартиптик жазаларды колдонуу маселесин карап чыгуу сунушталды.
Министрликтин тарыхындагы бардык деңгээлдеги медициналык билим берүү уюмдарынын биринчи мамлекеттик аккредитациясы белгиленген стандарттарга бир катар шайкеш келбестиктерди аныктады. Ушуга байланыштуу окуу жайларынын жетекчилерине кадрларды даярдоонун сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Кырдаалды оңдоо боюнча милдеттүү чаралардын тизмесине НИСУР системасында студенттердин так эсебин камсыз кылуу, кабыл алуу жана бүтүрүү динамикасын талдоо, ошондой эле максаттуу даярдоо алкагында бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун мониторингдөө кирди.









