Учурда Отмок, Тоо-Ашуу жана Долон тоо ашууларында ачык аба ырайы орноду. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, бул участоктордо автотранспорттун кыймылы кадимки режимде жана үзгүлтүксүз ишке ашырылууда.
Атап айтканда, Отмок ашуусунда №36 жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери жолду күтүү жана кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүүдө. Кышкы сезонго даярдыктын алкагында участокто атайын техника колдонулуп, күнү-түнү нөөмөт жүрүү уюштурулду. Ашуудагы кырдаал ведомствонун туруктуу көзөмөлүндө.
Ушундай эле кырдаал Тоо-Ашуу ашуусунда (Бишкек — Ош автожолу) жана Долон ашуусунда (Бишкек — Нарын — Торугарт трассасы) байкалууда, ал жерлерде да ачык аба ырайы сакталып, тоскоолдуксуз жүрүү ачык.













