11-ноябрдан тарта Бишкек — Ош автожолунун негизги участокторунда жүк ташуучу автоунаалардын кыймылы чектенди. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул чаралар аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу көрүлгөн.

Чектөөлөр 11-ноябрда саат 17:10да күчүнө кирди. Учурда Токтогул районундагы «Чычкан» стационардык постунда, ошондой эле «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү токтотулган.

Ала-Бель жана Тоо-Ашуу ашууларында катуу кар жаагандыгы жана борон катталууда. Жол кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат: автожолду кардан тазалоо жана жол каттамын инерттүү материалдар менен чачуу иштери жүргүзүлүүдө.