Алтай крайы жана Алтай Республикасында башталган «Чоң Алтай: түрк мурасы 2026» аттуу эл аралык этнографиялык экспедицияга кыргызстандык илимий адистер да активдүү катышууда.
Экспедициянын өзгөчөлүгү катары катышуучулардын географиясынын кеңейиши саналат. Изилдөө топуна кыргызстандыктар менен бирге Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан да илимий кызматкерлер кошулду. Натыйжада беш өлкөнүн өкүлдөрүн камтыган бул долбоор экспедициянын тарыхында эң көп улутту топтогон экен.
Изилдөөнүн башкы максаты – Алтай менен Борбор Азия элдеринин арасында этно-маданий окшоштуктарды аныктоо. Буга салттуу чарба, турак жай, кийим-кече, тамак-аш, коомдук мамилелер, туугандык терминдери жана ишенимдер аркылуу байланышты изилдөө кирет.
Кыргызстан үчүн бул долбоор маанилүү, анткени «Чоң Алтай» долбоорунун алгачкы эл аралык этнографиялык экспедициясы 2021-жылы өзүбүздүн өлкөдө өткөн. Кийинки жылдары илимий иштер Алтай, Алтай Республикасы жана Өзбекстанда улантылган.
Экспедициянын жетекчиси, Алтай мамлекеттик университетинин тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаровдун айтымында, Алтай түрк элдеринин тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Азыркы түрк тилдүү элдер Алтайды өз тарыхый мекени катары сактап келишет.
Учурда экспедициянын биринчи баскычы катары Бийск шаарында кумандиндиктердин коомчулугу менен таанышуу өткөрүлүүдө. Карылар изилдөөчүлөргө салттуу турмуш, маданият тууралуу өз тажрыйбаларын бөлүшүүдө.