Кино тармагындагы сынчылардын үнүн көтөрүү жана улуттук кинонун жетишкендиктерин талкуулоо үчүн жаңы майрамдык аянтча пайда болду. «Сынчы» медиаплатформасы Кино департаментинин колдоосу менен жаңы премияны ишке ашырууну жарыялады.
Сыйлоо аземи 2026-жылдын ноябрь айынын аягында өтөт. Алгачкы премияга 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 2026-жылдын 1-октябрына чейин кинотеатрларга чыгарылган толук метраждуу тасмалар талапкер боло алат.
Тандоону кимдер жүргүзөт?
Тасмаларды баалоо процессинде платформанын жаш авторлору катышат. Алар рецензия жазуу, интервью алуу жана кино сынчылыгы боюнча мастер-класстардан өтүү аркылуу редакторлор менен бирге иштеп, эң мыкты чыгармаларды аныкташат.
Премиянын номинациялары
- «Эң мыкты тасма»
- «Эң мыкты жанрдык тасма»
- «Эң мыкты режиссёр»
- «Эң мыкты сценарий»
- «Эң мыкты оператор-постановщик»
- «Эң мыкты монтаж»
- «Эң мыкты художник-постановщик»
- «Эң мыкты аял ролу»
- «Эң мыкты эркек ролу»
- «Эң мыкты композитор»
- «Эң мыкты үн»
- «Эң мыкты дебют»
Өзгөчө белгиленген «Эң мыкты жанрдык тасма» номинациясы комедия, триллер, коркунучтуу тасмалар жана башка популярдуу жанрлардагы киночулардын эмгегин баса белгилөөгө мүмкүндүк берет.







