Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Азербайжан Республикасынын биринчи айымдары аймактык макамга ээ «Алтын Балалык» реабилитациялык борборуна иш сапары менен барышты.

Иссык-Көл жээгиндеги бул борбордо балдардын реабилитациясы жана өнүгүүсүн колдоо боюнча ар кандай программалар жүргүзүлөт.

Госттор борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, тарбиялануучулар үчүн уюштурулган мастер-класстарга катышышкан.

Жолугушууда биринчи айымдар балдар менен түздөн-түз баарлашып, аларды колдоого багытталган иштердин маанилүүлүгүн белгилешти.