Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен гонконгдук Guosen Securities (HK) Financial Holdings Company, Limited финансылык компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке кол коюлганы тууралуу агенттикте билдиришти.

Келишимдин негизги максаты инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикасына чет элдик капиталды тартуу болуп саналат. Өнөктөштүк алкагында тараптар Кыргызстандын аймагында келечеги бар инвестициялык долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну пландаштырууда.

Негизги тармактарды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон ресурстук базаны камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү заманбап финансылык инструменттерди колдонууга өзгөчө көңүл бурулат.