Кыргызстанда аскердик жана жарандык максаттар үчүн жеңил бронетехникалык автоунааларды өндүрүү жана чогултуу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул багыттагы жаңы ишкананын жалпы инвестициялык көлөмү 10 миллион долларды түзөт.
Долбоордун көрсөткүчтөрү
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «С.М. ИЛБИРС» ЖЧКсына барып, долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Агенттиктин маалыматына ылайык, иш сапар учурунда өндүрүштүн учурдагы баскычы, ишкананын мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги өнүгүү пландары каралган.
Равшанбек Сабиров мындай инвестициялык долбоорлор өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоо, заманбап технологияларды киргизүү жана өндүрүштү кеңейтүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорду коштоону жана инвесторлорго колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.


















