Бишкекте 29-июлда кедейчиликти азайтуу жана эмгек менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча улуттук План долбоорун караган министрликтер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин өкүлдөрү катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Мирлан Байгончоков бул документ мамлекеттин калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча негизги саясатына айланарын белгиледи.
Ал белгилегендей, кедейчиликти кыскартуу социалдык колдоого гана эмес, жаңы сапаттуу жумуш орундарынын түзүлүшүнө, ишкердиктин өнүгүшүнө, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулоосуна жана жарандарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине негизделиши керек.
Кедейчиликтин деңгээли
Планда аймактарда эмгек менен камсыздоону өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана кайтып келген жарандарды кайра интеграциялоо саясаттарын өркүндөтүү баса белгиленди.











