Өлкөдө ВИЧ-инфекциясын аныктоо жана дарылоо багытында олуттуу жылыш байкалууда. Бул ийгиликке АКШнын Өкмөтү, CDC (Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору) жана PEPFAR программасынын көп жылдык кызматташтыгы түрткү болду.

2017–2026-жылдар аралыгындагы биргелешкен иштердин жыйынтыктары республикалык атайын борбор тарабынан уюштурулган иш-чарада көрсөтүлдү. Негизги жетишкендиктердин бири — өзүнүн статусүн билген адамдардын санынын жана дарылануунун кеңейиши.

КөрсөткүчМурдаАзырӨзгөрүү
Терапия менен камтуу51 %80 % +57%
Вирустук жүктөмү басылган бейтаптар58 %91 % +57%

Мындан тышкары, медициналык текшерүүдөн өтүп, өзүнүн АИВ статусун так билген жарандардын үлүшү да оң сторонуна өзгөргөн. Бул көрсөткүч 59 пайыздан 78 пайызга чейин көтөрүлгөн.

78статусун билгендер (%)
80дарылоо менен камтуу (%)
91вирустук жүктөмү басылган (%)