Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга жаңы мыйзамдык өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү расмий дем алыш күнү катары жарыяланат.

Ушул күндө жумуш берүүчүлөр кызматкерлерге толук маянасын төлөп берүүгө милдеттүү болуп калды.

Бул кадам шайлоо процессине жарандардын активдүү катышуусун камсыз кылууга багытталган.