Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда Президенттин колдоосу менен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 кызматтык унаа берилди.

Бул демилге калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жарандардын чакыруулары боюнча окуя болгон жерлерге милиция кызматкерлеринин ыкчам баруусун камсыз кылуу жана алардын кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу максатын көздөйт.

Унааларды тапшыруу аземи Кыргыз милициясынын 102 жылдык мааракесинин алдында символикалуу түрдө өттү. Бул иш-чара ИИМдин коллегия жыйынынын алдында болуп, анда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ички иштер органдарынын оперативдик-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган.

Коллегиянын жыйынында оперативдик-кызматтык ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча баяндамалар угулуп, отчеттук мезгилдин натыйжалары жана ички иштер органдарынын ишин андан ары өркүндөтүүгө багытталган чаралар талкууланды.