Кыргызстан менен Россиянын ортосунда сарымсак өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча жыйын
2026-жылдын 29-июлунда Бишкекте Кыргызстандын Суулар ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Россия Федерациясы менен сарымсак өстүрүүнү өнүктүрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү багытында жыйын болуп өттү.
Жыйынга министрликтин орун басары Мирбек Дүйшеев, «Жемиштер жана жашылчалар» кластеринин өкүлдөрү, Россиянын Улуттук сарымсак өстүрүүчүлөр союзунун мүчөлөрү, «Фермерский чеснок» компаниясы, министрликтин түзүмдөрү, фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар катышты.
Тараптар заманбап агротехнологияларды киргизүү, сапаттуу уруктук материалдарды колдонуу, продукцияны кайра иштетүү жана сактоо, логистиканы жакшыртуу, ошондой эле сарымсактын сатуучу базарларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жыйындын соңунда министрлик, Россиянын Улуттук сарымсак өстүрүүчүлөр союзу жана «Жемиштер жана жашылчалар» кластеринин ортосунда үч тараптуу кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.














