Кыргызстанда атайын буйрук менен үч тобокелдүү пестицид колдонууга толук тыюу салынды. Ага бета-цифлутрин, бромоксинил октаноат жана фенамифос кирет.
Бул чечим Министрликтин Департаментинин химиялоо, коргоо жана карантин бөлүмү тарабынан кеңири мониторингдердин жана анализдерден кийин кабыл алынды. Алгач пестициддерди жеткирүүчүлөр менен кеңешүүлөр уюштурулуп, бардык аймактарда химиялык каражаттарды саткан дүкөндөрүн текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Анализ жана мониторингдин жыйынтыктарында аталган заттарды өлкөдөн алып чыгаруу жана колдонууга тыюу салуу зарылдыгы тастыкталды.
Министрлик бул буйрук менен: элдин ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү сактоо, айыл чарба өндүрүшүндөгү экологиялык коопсуздукту жогорулатуу жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында аракет кылууда.
Мындан сырткары агенттик агрохимиялык каражаттардын сапатын көзөмөлдөө иштерин мындан ары да күчөтөрүн жарыялады.
Өзгөчө коркунучтуу пестициддер деген эмне?
Пестициддер – бул айыл чарбасында зыянкечтер, сорняктар жана өсүмдүк оорусуна каршы колдонулуучу химиялык каражаттар.
Кыргызстанда тыюу салынган пестициддердин ичине кирген заттар өлкөнүн айыл чарба продукциясынын коопсуздугун жана коомдун ден соолугун коргоо үчүн кооптуу деп табылган.











