Кыргызстанда антибиотиктерди рационалдуу эмес колдонуу тенденциясы жогору бойдон калууда, бул бактериялардын дары-дармектерге туруктуулугунун өнүгүшүнө алып келет. Маселе ТӨӨНҮ учурундагы сезондук өсүүлөрдө курчуп, бактерияларга каршы күрөшүү үчүн арналган препараттар вирустук ооруларды дарылоодо катачылык менен колдонулган учурларда байкалат.

Бул маселенин актуалдуулугу Борбордук Азия медициналык форумунун жана Борбордук Азия респиратордук коомунун I Конгрессинин алкагында билдирилди. Бактериялардын туруктуулугуна арналган сессияда профессор Талант Сооронбаев коркунучтун масштабын баса белгиледи.

Менимче, биз бул канчалык олуттуу маселе экенин дагы деле толук аңдап билбейбиз жана түшүнбөйбүз. Сөз антибиотиктерди көп жана рационалдуу эмес колдонуу, анын натыйжасында антибиотиктерге туруктуулуктун пайда болушу жөнүндө болуп жатат.
Талант Сооронбаев, профессор

Абалды ушулчалык начарлатуучу негизги факторлор катары эксперт көзөмөлсүз өз алдынча дарыланууну жана калк арасында медициналык дайындоосуз препараттарды сунушдоону атайт. Сезондук оорулар учурунда антибиотиктер көбүнчө чоңдор үчүн да, балдар үчүн да биринчи тандалуучу препараттар болуп калып жатат.