Өлкөдө микроорганизмдердин дарыларга туруктуулугу жылдан жылга өсүп жаткандыгы байкалууда. Бул процессти көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар азыркы учурда өзүнчө-өзүн, жергиликтүү деңгээлде гана жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук коомдук ден соолук институтунун Инфекциялык көзөмөл жана медициналык калдыктарды башкаруу боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Асель Каныметова эл аралык конференцияда бул тууралуу билдирди.

Азыркы тапта кан тамырдагы инфекцияларды изилдөө боюнча республикалык масштабдагы программа ишке ашырылууда. Бул изилдөө аркылуу алынган маалыматтар келечектеги иш-аракеттердин пландарын иштеп чыгууга негиз болот.

Изилдөөгө катышкан мекемелер

40стационар
3референс-лаборатория

Асель Каныметованын айтымында, антибиотиктерди колдонуу маселеси ветеринария жана мал чарбачылыгында да өтө маанилүү. Анткени бул каражаттар малдарды дарылоодо кеңири колдонулуп, андан кийин тамак-аш жана айлана-чөйрө аркылуу адамдын организмине өтүп кетиши мүмкүн.

Антимикробдук резистенттүүлүктү чектөө боюнча иштер локалдык деңгээлде жүрүп жатат, интеграцияланган бирдиктүү система жок.
Асель Каныметова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси

Ден соолукту сактоо системасында лабораториялык базаны күчөтүү жана медициналык жардам көрсөтүүдөгү инфекцияларды баалоо системасын иштетүү боюнча иштер жүрүп жатат.