Түркиянын Анталья шаарында 9-15-ноябрь айларында 15-дүйнө чемпионаты өткөн. Аталган мелдеште 41 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын SKIF Shotokan Karate-Do улуттук федерациясынын курамы жолугушту.
Федерациянын маалыматы боюнча, жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курамы 11-орунду ээлеп, жогорку даярдык деңгээлин жана эрктүүлүгүн көрсөттү. Жалпы жыйынтыкта Чүй облустук федерациясынын спортчуларынын салымы өзгөчө белгиленди.
Алтын жана бронздук жеңиштер
Дүйнө чемпионатынын жеңишчулору төмөнкүлөр болду:
- Рабия Досоева (алтын)
- Дарина Асанова (алтын)
- Алибай Миров (бронз)
- Мансур Сыдыков (бронз)
- Элина Саякова (бронз)
- Адеми Мундузбекова (бронз)
- Расул Догдурбеков (бронз)
Улуттук команда Иннокентий Анндин жетекчилиги астында даярдалган. Ал эми Чүй облустук федерациясынын спортчуларын башкы тренер Асылбек Пазылов даярдаган.












