Жазгы эс алуучу жумуш Ferienjob программасынын катышуучулары болгон 150гө чукул кыргызстандык студент Германиядагы жашоо-шарттары жана жумуш менен камсыз болуш жагынан көйгөйлөргө кабылганын билдирүүдө.

Самара Академия компаниясы аркылуу уюштурулган саякатта студенттер мурдагыдан начар шарттарда жашагандыгын айтышат. Алардын айтымында, жатаканада кумурска, чычкандар кездешип, ошондой эле баңги затка көз каранды адамдар жайгашкан.

Студенттердин эмгек келишимдери 25-июлда бүтөт жана 27-июлда жатаканадан чыгышы талап кылынат. Натыйжада, 150 адам турак жайсыз калуу коркунучу бар.

Блогер Мелиса Жокиева билдиргендей, ар бир катышуучу Самара Академия компаниясына саякат уюштуруу үчүн 55 миң сом төлөгөн.

Компания өкүлдөрү болсо студенттер азыр эле иштеп жатканын билдирип, айрымдары түнкү сменада экенин белгилешүүдө. Турак жай 27-июлга чейин камсыздалган.

20-июлда иш берүүчү жумуш көлөмүн азайтууну кабарлап, келишимди токтотуу тууралуу билдирген. Учурда немис тилин билгендер үчүн чоң нан быштыруучу жайда жумуш орундары бар.

Самара Академиянын айтымында, кээ бир студенттер nemis тилин жакшы билбегени үчүн жаңы жумуш орундарына кире албай жатат.