Кыргызстандын Театр мектебинин студенттери Россиянын федералдык аймагы «Сириус»дагы эл аралык искусство фестивалында чыгармачылыгын көрсөтөт. Бул фестиваль жаштардын чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга багытталган.

Фестивалга катышуучулар «Кулмырза жана Аксаткын» лирикалык дастанын сахналык калыбында көрсөтүп, кыргыз элинин маданий мурастарын дүйнө коомчулугуна жеткирүүдө.

Студенттер ошондой эле театрдагы жаңы ыкмаларды үйрөнүү, эл аралык театр билим берүү тажрыйбасын алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул иш-чара Образовательный фонд «Талант и успех» тарабынан уюштурулган жана чыгармачыл байланыштарды бекемдөөгө багытталган.