Кыргызстандык абитуриенттер Орусиянын университеттеринде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн Open Doors олимпиадасына катышуу аркылуу карап көрүшө алат. Бул квоталык программалардан тышкары кабыл алуунун бир нече жолдорунун бири.

Катышуу шарттары жана гранттык колдоонун артыкчылыктары

Open Doors олимпиадасын ийгиликтүү баскан катышуучулар акысыз кабыл алуу шарттарында окууга укук алышат. Мындан тышкары, жеңүүчүлөр жана байге ээлери үчүн бир нече артыкчылыктарды камтыган гранттык колдоо топтому каралган:

  • Жогорулатылган стипендия
  • Акысыз жатакана берүү
  • Учуу акысын төлөө
  • Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу баракчасы

Белгилей кетүүчү нерсе, медициналык адистиктер Open Doors гранттык колдоосу камтыган багыттардын тизмесине кирбейт.

Open Doors олимпиадасын өткөрүү мөөнөттөрү

  1. Каттоо: 1-ноябрга чейин
  2. Биринчи этап: 13-ноябрга чейин
  3. Экинчи этап: 13-ноябрдан 21-декабрга чейин
  4. Жыйынтыктарды жарыялоо: 21-декабрь

Кабыл алуу программалары боюнча маанилүү тактоолор

Open Doors жана Россотрудничествонун квоталык кампаниясы — бул башка программалар. Алар бири-бирин жокко чыгарбайт жана алмаштырбайт. Бул чет өлкөлүк абитуриенттерге Орусияда билим алууга мүмкүндүк берген эки өзүнчө механизм. Ошондуктан азыр эле Open Doors программасына катышууга болот, ал эми Орусиянын өкмөтүнүн квотасы боюнча окууга арыз кабыл алуу Россотрудничество аркылуу ачылгандан кийин квотага да арыз берип койсо болот
Альберт Зульхарнеев, «Орус үйүнүн» жетекчиси

Альберт Зульхарнеевдин айтымында, гранттык колдоону Open Doors олимпиадасына катышуу аркылуу гана алууга болот. Абитуриенттерге окууга өтүү үчүн бардык жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу сунушталат.

Толугураак маалыматты Open Doors олимпиадасынын расмий сайтынан таба аласыз.